Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Сириядагы согушка катышкан кыргызстандыктар боюнча бир жылда 110 иш ачылган


2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин ачкан. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлгөн, ал эми 41 адам кесилген.

Айыпталгандардын ичинен 76% Ош, 12% Жалал-Абад аймагынын тургундары жана алардын 94% эркек, 6% аялдар болгон.

Ошондой эле айыпталгандардын 60% 30 жашка чейинкилер экени айтылат.

Көзөмөл орган айрыкча өзүнүн дүйнө таанымын кеңейтүүгө жетише элек жаштар экстремизм жана терроризмдин идеясына азгырылып жатканын белгилейт.

Кыргызстандагы атайын кызмат Сирияга ондогон кыргызстандыктар бар экенин билдирип келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG