Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Жээнбеков: Кыргызстан-Украина ортосундагы мамиле өнүгөт деп ишенем


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Украинанын президенти болуп шайланган Владимир Зеленскийди куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Сизди Украинанын президенти кызматына шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктайм. Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем,- деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Украинада 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында актер, куудул Владимир Зеленский учурдагы мамлекет башчы Петр Порошенкону 73,22 пайыз менен утуп чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG