Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:42

УКМК: эл аралык террористтик уюмдун жигердүү мүчөсү кармалды


УКМК кармаган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Кыргызстандын жараны, эл аралык террористтик уюмдун согушкери (А.А.И.) кармалганын билдирди. Ал 23-апрелде колго түшкөн.

Маалыматка караганда, шектүү 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан.

Кийин «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү максатында Кыргызстанга келген.

«Бул факты боюнча Жазык кодексинин 243-беренеси («КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүшү») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат жана анын жүрүшүндө кармалган адам жасаган кылмыш иштерин мойнуна алды», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Атайын кызмат жарандар террористтик багыттагы кылмыштарды жасаса же болбосо таратууга аракеттенсе, мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG