Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Шыкмаматов: Президент уранды иштетүүгө каршы мыйзамга кол коёт деп ишенем (видео)


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда уран кенин иштетүү боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирет деп ишенерин айтты. Ал бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкектин Ала-Тоо аянтында уранды иштетүүгө каршы өткөн акцияда билдирди.

«Президент бул маселе боюнча пикирин билдирет болуш керек. Бирок азыр ал Кытайда, ага чейин Европада жүрүп келди. Мен саясатчы катары ал өз оюн айтат деп ойлойм. Ошондой эле биз сунуш кылып жаткан мыйзамды колдоп, кол коюп берет деп ишенем».

Нааразылык акцияга чыккандар уранды иштетүүгө толук тыюу салууну, «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына Кызыл-Омпол кенин чалгындоо жана геологиялык изилдөө үчүн лицензия бергендерди жоопко тартууну талап кылышты.

Алар колдоруна «Уранды эмес ууруларды казгыла!», «Урансыз келечек!», «Урансыз Ысык-Көл!» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Алмамбет Шыкмаматов жана «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG