«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 27-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус болот.