АКШ Орусиянын курамындагы Чеченстан республикасынын өкмөт башчысы Муслим Хучиевге, анын аялы Сапият Шабазовага жана жакын туугандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салды.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти бул чечимге ЕККУнун Москвадагы өкүлчүлүгүнүн иликтөөсүн негиз келтирди. Иликтөөдө Чеченстанда адам укуктары одоно бузулуп, куугунтуктар, атайлап жана мыйзамсыз камакка алуулар, кыйноолор, дайынсыз жоголуулар жана кишилерди өз алдынча жазалап өлтүргөн учурлар уланып жатканы айтылат.
Мамлекеттик департамент чечен премьер-министри Хучиевдин кыйноолорго катышы тууралуу маалымат бардыгын белгилеп, Орусиянын бийлигин Чеченстандагы мыйзам бузууларга тиешеси бар бардык аткаминерлерди, анын ичинде премьерди жоопко тартууга үндөдү.
Муслим Хучиев республиканын өкмөтүн 2018-жылдын июнунан тартып жетектеп келе жатат. Ага чейин ал үч жыл бою Грозный шаардык мэриясын башкарган. Чечен өкмөтүндө министр, Москвада журналист болуп иштеген.