Бишкекте «Борбор Азиядагы экстремизм менен күрөшүү боюнча лидерлердин диалогу» долбоорунун алкагында жыйын өтүп жатат. Аны Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурууда.
Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып жатат.
Дин иштери боюнча комиссиясы бул жолугушуу радикализмге, экстремизмге каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча региондук консультативдик жумушчу тобун (УЖТ) түзүү максатында уюштурулуп жатканын билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышууда. 26-апрелде башталган жыйын эртең да уланат. (BTo)