Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Казакстанда оппозициялык партия шайлоого бойкот жарыялады


Казакстан элдик коммунисттик партиясынын курултайы. Партиянын мурдагы лидери Жармахан Туякбай (оңдо), жаңы лидер болуп шайланган журналист Ермурат Бапи. Алматы, 26-апрель, 2019-жыл.
Казакстан элдик коммунисттик партиясынын курултайы. Партиянын мурдагы лидери Жармахан Туякбай (оңдо), жаңы лидер болуп шайланган журналист Ермурат Бапи. Алматы, 26-апрель, 2019-жыл.

Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялады.

"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, мындай чечимди партия өкүлдөрү 26-апрелде Алматы шаарында өткөн курултайда кабыл алышты. Бул партиянын атынан президенттикке журналист Ермурат Бапинин талапкерлиги көрсөтүлөрү күтүлүп жаткан. Бирок ал партиянын курултайында шайлоого катышуунун кажети жоктугун, андыктан талапкер болуудан баш тарта турганын жана бул чечимге партиялаштары менен кеңешкенден кийин келгенин айтты. Бапи курултайдын катышуучуларын алдыдагы парламенттик шайлоого даярданууга чакырып, ошол саясий жарыш Казакстан үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин кошумчалады.

Партиянын 26-апрелдеги курултайында лидерлер алмашып, Жармахан Туякбайдын ордуна Ермурат Бапи шайланды.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөрүн убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев 9-апрелде жарыялаган. Эркин талдоочулар бийлик чукулунан шайлоо жарыялап, башка саясий күчтөргө ага даярданууга мүмкүнчүлүк беришкен жок деп эсептешет.

«Нур-Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев бийлик партиясынан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Мамлекетти 30 жыл башкарган экс-президент Нурсултан Назарбаев мартта ыйгарым укуктарын токтоткон. Казак парламентинин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев убактылуу президент болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG