Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Беларус оппозициясы Чернобыль маршына чыккан жок


2018-жылдын 26-апрелинде өткөн марш. Минск, Беларус.
2018-жылдын 26-апрелинде өткөн марш. Минск, Беларус.

Беларуста оппозициялык топтор жыл сайын өтүүчү Чернобыль маршына быйыл чыккан жок. Алар жылына 26-апрелде башкалаа Минскте 1986-жылдагы Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын курмандыктарын эскерген каршылык маршын уюштуруп келген.

Оппозиция лидерлери жана активисттер 25-апрелде Минск шаарынын бийлиги уюштуруучуларга марш учурунда коопсуздукту камсыздаганы үчүн милицияга 5000 беларус рублин төлөө керектигин айткан.

Оппозиция коомдук иш-чарага акы алган туура эмес деген негизде акча төлөөдөн баш тарткан. Эми алар каршылык маршынын ордуна Минск шаарында лекция жана презентацияларды өткөрүүнү пландап жатышат.

Минск шаарында 1988-жылдан тартып жылына өткөрүлүп келген маршта коңшулаш Украинада советтик мезгилде болгон Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилген. Атомдук электр станциядагы аварияда Беларустун аймактары да олуттуу жабыр тарткан.

Чернобыль окуясы Украинанын борбору Киевде 26-апрелге караган түнү эскерилип, жүздөгөн киши атайын орнотулган эстеликке гүл коюп, шам жагышты.

Атомдук станцияда жарылуу 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Жарылууда 30 адам каза болгон. Бирок кырсыктын кесепетинен жана радиациянын таасиринен миңдеген киши каза таап, майып болгон, ден соолугу жабыркаган.

XS
SM
MD
LG