Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Өмүркулов: Жээнбековго каршы чыкканга негиз жок


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин өз алдынча саясат жүргүзгөнү экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакпай калганын жана экөөнүн тиреши ушундан улам башталганын айтты.

Ал бул тууралуу «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» берүүсүндөгү маегинде билдирди. Ошондой эле мурдагы президент Атамбаев Жээнбековду колдогондорду өзүнүн душманы катары кабыл алганын кошумчалады.

«Жээнбеков да Социал-демократтардын мүчөсү. Биз аны жүрөгүбүз менен шайлап алдык. Мен бүгүн эмне үчүн ага каршы чыгышым керек? Атамбаевге бул жакпайт. Бирок биз аны (ред: Жээнбековду) өзүбүз шайлаганбыз да. Эми азыр ага кантип каршы чыгабыз? Каршы чыкканга негиз да жок».

Былтыр октябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгарган. КСДП муну Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылды деп түшүндүргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG