Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Шри-Ланкада жума намазы полициянын кайтаруусунда өттү


Шри-Ланкадагы терактта жакынын жоготкондор
Шри-Ланкадагы терактта жакынын жоготкондор

Пасхадагы теракттардан кийинки алгачкы жума намазды Шри-Ланкадагы айрым мечиттер чогуу өткөрүштү. Коломбодогу Салам Жумма мечитине чогулгандарды сыртта полиция кайтарып турду.

Имам Мохамед Жайфер өткөн жекшембидеги теракттарга “Бул мусулмандын иши эмес, бул ислам эмес. Бул ишти кылгандар жырткычтар” деп баа берди. Ошол кылмыштарга шектүүнү байкап калышса, тартип сакчыларына өткөрүп беришерин баса белгиледи. Мечитке келген Ульхак Раис аттуу мусулман терроризмден тыш калган мамлекет жок экенин белгилеп, Шри-Ланкадан жүз бурбоого чакырды:

- Бул ар бир өлкөнүн башынан өтүп жатат. Биз Лондондогу, Бельгиядагы, Париждеги чабуулдарды көрдүк. Анын баарын “Ислам мамлекети” тобу жасап жатат, биздегини дагы. Мен дүйнөдөгү бардык адамдарды ушул керемет өлкөгө келүүгө чакырам. Ошондо биздин коомго, ошондой эле туризмге жардам берген болосуңар.

Христиандарга канаатташ жашап келген айрым мусулмандар чагымчылдар өч алышы мумкүн деп чочулап, үй-жайын таштап кетип, же көчөгө көп чыкпай жатышат.

25-апрелде Шри-Ланка бийлиги христиандар Пасха майрамын белгилеп жаткандагы теракт курмандыктары жүз кишиге аз экенин, мурда айтылгандай 359 эмес, 250гө чамалуу экенин тактады. Эсептөөлөр учурунда жаңылыштык кетип калганы айтылды.

Бул кылмышка шектеп Шри-Ланка бийлиги ондогон кишини кармаган. Кыргынды “Ислам мамлекети” террор тобу мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG