Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Орусияда каза болгон мигранттын тек-жайы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кырсыктан каза болгон кыргызстандык мигрант Ош облусунун Кара-Суу районунан экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 25-апрелде эски мейманкананын имаратын бузуп жаткан учурда болгон. Экскаватор кулап, ичиндеги айдоочуну басып калган. Ал 36 жаштагы кыргыз жараны экени белгилүү болду.

Кырсык болгон жерге Кыргызстандын Ардактуу консулу барып, окуянын чоо-жайын иликтөөгө жардамдашып, маркумдун жакындарына колдоо көрсөтүүдө.

Бейрасмий маалыматка караганда, учурда Орусиянын ар кайсы шаарларында миллионго чукул кыргыз жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG