Кремль Орусиянын жараны Мария Бутинага карата чыгарган өкүм үчүн АКШнын сотун сынга алды.
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 27-апрелде “Анын узак мөөнөткө камалышына жол берилбеши керек болчу. Ага коюлуп жаткан айып негизсиз” деп билдирди.
Вашингтондогу сот 26-апрелде Бутинаны Орусиянын АКШнын аймагында каттоодон өтпөгөн тыңчысы катары аракеттенип жүргөн деп таап, 18 айга эркинен ажыратты.
Сот өкүмдү окуп жатып Бутина «орусиялык аткаминердин» тапшырмасы менен Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна каршы ишмердик жүргүзгөнүн белгиледи.
Соттун жүйөсүндө айтылгандай, Бутина чет элдик агенттерди каттоо эрежесин гана бузбастан, «Москва АКШдагы шайлоого кийлигишип жатканда» Кошмо Штаттар тууралуу маалыматты Орусияга жиберип да турган.
Бутина соттогу акыркы сөзүндө бирөөгө зыян келтирүү ниети болбогонун, «өз мекени менен ага жаккан өлкө ортосунда көпүрө түзүүнү» каалаганын айтты. Ал өзүнө тагылган айыпты мойнуна алып, жазаны жумшартууну суранды.
АКШда магистратурада окуп жүргөн студент, Орусиядагы «Курал укугу» деп аталган уюмдун мүчөсү Бутина былтыр июлдун ортосунда кармалган.