Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

Балыкчыда мэр шайлоо күнү аныкталды


Балыкчы.
Балыкчы.

Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык, Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо 14-майга дайындалды.

Шайлоону мыйзамдын негизинде уюштуруп, өткөрүү милдети Балыкчы аймактык комиссиясына тапшырылды.

Шаардын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов 19-апрелде өзү берген арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Мыйзам боюнча, Кыргызстанда шаар башчысы болуп жогорку билими, мамлекеттик же муниципалдык кызматта үч жылдан, мекемелерде же жеке менчик ишканаларда жетекчилик кызматта беш жылдан кем эмес эмгек стажы бар адам боло алат.

XS
SM
MD
LG