Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Жээнбеков: Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда ири долбоорлор ишке ашты


Сооронбай Жээнбеков. Бээжин. 27.04
Сооронбай Жээнбеков. Бээжин. 27.04

“Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды. Биз бул жардамды жогору баалайбыз», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Бээжинде «Бир алкак – бир жол» форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Ошону менен катар президент Кыргызстан Жибек жолунун “Экономикалык алкагын” түзүүгө өз салымын кошуп жатканын белгилеп, азыр глобалдык экономикалык активдүүлүк борбору Азия континентине ооп турганын, ээлеген географиялык орду боюнча Кыргызстан уникалдуу өлкө экенин айтты.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстанда транзиттик автожолдорду реконструкциялоону 2022-жылга карата аяктоо болжолдонууда.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоорун ишке ашыруу да чоң салым болот деп ишенем. Бул баарыбыз үчүн өтө зарыл долбоор жана ал демилгенин концепциясына толугу менен дал келет” деди кыргыз мамлекетинин башчысы.

2013-жылы башталган «Бир алкак - бир жол» долбоору Кытайды Европа, Африка жана Азиянын башка аймактары менен туташтыруучу транзиттик жана энергетикалык инфратүзүм курууга багытталган.

XS
SM
MD
LG