Пакистан жугуштуу шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүн токтото турууну чечти. Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна өлкөнүн cаламаттык сактоо мекемеси ырастады.
Полиомиелитке каршы жалпы улуттук өнөктүктүн алгачкы аптасында эле бир медицина кызматкери жана аларды коштоп жүргөн эки полиция кызматкери каза тапты.
Өнөктүктү токтотуу жөнүндө чечим өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында эки адам ушул ооруга чалдыкканы тууралуу кабарга карабастан кабыл алынды.
Пакистанда жугуштуу шал оорусунун жайылышы өтө кооптуу абалда. Бирок ар кандай уруштардын айынан жана диний көз караштан улам балдарын эмдетпеген ата-энелер көп.
Эмдөө полициянын коштоосунда жүргүзүлөт, бирок алар көпчүлүк учурда куралдуу топтордун кол салуусуна дуушар болушат. (RK)