Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Луганскиде каза болгон 17 шахтердун баарынын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн Луганск облусунда көмүр шахтасындагы жарылуудан каза тапкандардын саны 17 адамга жетти.

Алардын баарынын сөөгүн орусиялык куткаруучулар алып чыгышты. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Схидкарбон» шахтасына өз куткаруучуларын жикчилердин лидерлеринин өтүнүчү боюнча жибергенин маалымдады.

Украинанын куткаруучуларына ал жакка кирүүгө уруксат берилген эмес.

25-апрелде жер алдында метан газы жарылып, шахтанын айрым бөлүгү урап түшкөн.

«Схидкарбон» шахтасы украин аскерлери менен орусиячыл жикчилердин атышууларынан улам 2014-жылы жабылып, 2018-жылы кайра ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG