Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Православ чиркөөсү Пасха майрамын белгилөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 28-апреле Кыргызстанда православ христиандары Пасха майрамын белгилеп жатышат. Бул күндү белгилөө Бишкектеги борбордук чиркөөдө түндө башталган.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда Пасха жашоонун жарыгынын жана жаңылануунун, гуманизмдин символу экенин белгилеп, бул майрам адамдардын жакшылыкка жана акыйкаттыкка үмүтүн бекемдерин айтты.

«Кыргызстан эли Нооруз, Орозо Айт, Курман Айт, Рождество жана Пасха майрамдарын чогуу белгилеп жүргөнү кубандырат» деди президент.

Жээнбеков бардык православ христиандарына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана бакыт каалады.

Кыргызстанда 40тан ашуун православ чиркөөсү христиандарга кызмат кылат. Өлкөдө христиан динин туткандар жалпы элдин 16% түзөрү айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG