Бишкекте азанчылардын республикалык сынагынын жыйынтыгы чыкты. Жалпысынан бардык аймактардан сынакка 1000дей адам катышып, арасынан тандалып алынган 27си финалдык таймашка катышты.
Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна сынакка демилгечи болгон «Мухаммед-Умар-Ош» коомдук бирикмесинин өкүлү Арыпбек Айтбаев билдирди:
- Азанчылардын деңгээлин көтөрүү, азанды жакшы айткандарды даңазалоо максатында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлдү. Ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан үчтөн азанчы тандалып алынды. Жалпысынан финалга 27 адам катышты. Биринчи орунду Нарын облусунан келген Ташматов Абдумалик алды.
Ташматовго баш байге катары Умра сапарына жолдомо берилди.
Экинчи орунга Ош облусунун тургуну Толкун Камбаров, үчүнчүгө Бишкек шаарынан Сүйүн Жуманалиев татыды. Алар телевизор, ноутбук менен сыйланды.
Сынак Кыргызстандын Мусулмандарынын дин башкармалыгы менен бирдикте уюштурулду.
Калыстар тобунун курамында муфтияттан жана «Мухаммед-Умар-Ош» коомдук бирикмеси дайындаган атайын куран жаттаган адистер болду.
Иш-чара Бишкек шаарындагы борбордук Имам Сарахси мечитинде өттү.
Айтбаевдин сөзүнө караганда, азанчылардын сынагын эми жыл сайын өткөрүп, кийинки жылдан баштап Борбор Азия азанчыларынын жарышын уюштуруу максаты коюлууда. (RK)