АКШда синагогага курал менен коюлган чабуулдан бир аял курман болду. Окуя ишемби күнү Калифорниянын Сан-Диего шаарында болгон.
Дарыгерлердин айтымында, дагы үч адам, анын арасында бир жашар ымыркай жараат алды, бирок алардын өмүрү коркунучта эмес.
Полиция кол салуу үчүн жергиликтүү тургун, 19 жаштагы Жон Эрнст шек саналып жатканын, ал 10 жолу ок атып, машине менен качып кеткенин билдирди. Бирок көп өтпөй колго түшүрүлгөн.
Өлкө президенти Дональд Трамп полицияга жана кылмышкерди кармап калууга жетишкен кароолчуга ыраазычылыгын билдирди.
Жарым жыл мурда Питсбург шаарында синагогага кол салуу болуп, 11 адамдын өмүрү кыйылган. (RK)