Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Шри-Ланка: жардырууга шектүү кишинин жакындары окко учту


Шри-Ланканын коопсуздук күчтөрү.
Шри-Ланканын коопсуздук күчтөрү.

Шри-Ланкада бир жума мурдагы «жанкечти жардырууларынын артында турат» деп шектелген Захран Хашимдин атасы менен эки бир тууганы полициянын рейдинде окко учту. Бул маалыматты өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жана шектүүнүн туугандары 28-апрелде ырасташты.

Эки күн мурда полиция шектүүнүн Шри-Ланканын чыгышындагы үйүнө басып кирген. Натыйжада ортодо ок атылып, андан 15 киши менен кошо Заини Хашим, Рилван Хашим жана алардын атасы Мохамед Хашим мерт болгон.

Шри-Ланканын полициясы Захран Хашим 21-апрелде христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда «удаалаш жардырууларды уюштурган» деп эсептейт. Захран өзү баш калаа Коломбодогу мейманканалардын бириндеги жанкечти жардыруусунда мерт болгону ырасталган.

«Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган бул чабуулдар боюнча кармалгандардын саны жүз кишиден ашты. Өлкөдө жардыруулардан улам бир жума мурда жабылган мектептер 29-апрелде ачылганы турат.

XS
SM
MD
LG