Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Иран өзөктүк куралга каршы келишимден чыгаарын кыйытты


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.

Тегеран Вашингтондун санкцияларды күчөтүү аракетине жооп катары Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимден чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 28-апрелде билдиргенин өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап чыгышты.

«Ислам Республикасынын тандоочу жолу көп. Өлкө бийлиги аларды караштырып жатат. Алардын арасында Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимден чыгуу жолу да бар», - деп билдирди Зариф.

Анын алдында Ирандын Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багхери эгер кастык мамиле улана берсе, өлкө бийлиги Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган Ормуз кысыгын жаап коюшу мүмкүн экенин айткан.

27-апрелде Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы Кеннет Маккензи эгер Иран Перс булуңунда кандайдыр бир коркунуч жаратуучу кадамдарга бара турган болсо, аны ооздукташ үчүн АКШнын ресурстары жетиштүү экенин билдирген.

Дональд Трамп 2017-жылдын январь айында президенттик кызматка киришкенден бери Вашингтон Тегеранга каршы саясий жана экономикалык басымды күчөттү. Трамп былтыр май айында АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосунда 2015-жылы кол коюлган келишимден чыгарын жарыялаган.

Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын кайра калыбына келтирүүдө. Өткөн аптада Вашингтон 1-майдан тартып Кытайга, Индияга, Жапонияга, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотоорун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG