Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Журналисттерге «Умтулуу» сыйлыгы тапшырылды


«Умтулуу» сыйлыгы.
«Умтулуу» сыйлыгы.

27-28-апрель күндөрү «Internews» уюму уюштурган «MediaToptoo» форуму журналисттерге «Умтулуу» сыйлыгын тапшыруу менен аяктады. Калыстар тобунун төрагасы, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин башчысы Марс Төлөгөнов бул ирет 158 макала-баян түшкөнүн айтты. Алардын арасынан жети багытта жеңүүчүлөр аныкталды:

- «Коом жана бийлик» номинациясы «Media kitchen» уюмуна «Демилге» тасмасы үчүн берилди.

- «Балалыкты коргоо» номинациясы НТС каналына балдарды багып алган үй-бүлө тууралуу видеобаяны үчүн берилди.

- «Маданият жана агартуу» номинациясына «Кыргызтелефильмден» Тынай Ибрагимовдун «Жарык жана көлөкө» тасмасы ылайык деп табылды.

- «Ишине берилгендиги үчүн кесиптештердин тандоосу» номинациясы Булат Сатаркуловго экология темасындагы видеобаяндары үчүн ыйгарылды.

- «Жардам берүү мезгили» номинациясындагы сыйлыкка «АпрельТВ» каналы ВИЧ илдети менен жашагандар тууралуу баяны үчүн ээ болду.

- «Аракетчил адам» номинациясы «Акчабар» интернет-басылмасынын кабарчысы Эрнис Байсалбековдун Владимир аттуу майып ширетүүчү тууралуу макаласына берилди.

- «Тынчтык жана ынтымак» номинациясына эч кандай макала-баян ылайыктуу деп табылган жок.

- Ал эми атайын дем берүү багытындагы «Умтулуу» сыйлыгына «T-Media group» уюмунун кабарчысы Алмира Абидинова татыктуу болду.

Бишкектеги «Асанбай» борборунда уюштурулган форумга 300 адам катышып, заманбап техниканын жетишкендиктери колдонулду. Эки күн бою эртеден кечке медиадагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө, журналистиканын күңгөй-тескейи тууралуу тынымсыз талкуулар болуп турду.

«Internews» уюму «MediaToptoo» форумун 2018-жылы да өткөргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG