Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Испаниядагы шайлоодо социалисттер алдыга чыгышты

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес.

Испанияда соңку төрт жылдын ичинде үчүнчү жолу өтүп жаткан чукул парламенттик шайлоодо бийликтеги партия алдыга чыкты. Экзит-поллдор премьер-министр Педро Санчес жетектеген Испаниянын Социалисттик жумушчу партиясы жалпы добуштардын 30 пайызга чукулун алганын көрсөтүп жатат. Баштапкы жыйынтыктар ырасталса, социалисттер коалиция түзүш үчүн башка партиялардын колдоосуна муктаж болот.

Экзит-поллдорго ылайык, Пабло Касадо жетектеген Элдик партия добуштардын 16,8 пайызын, Альберт Риверанын «Жарандар» блогу 14 пайызын алды.

Испан демократиясынын тарыхында биринчи жолу «Vox» аттуу ашкере оңчул партия 9 пайыздык көрсөткүч менен парламентте кеминде 23 мандатка ээ болгону жатат.

Жекшембидеги добуш берүүгө шайлоочулардын 70 пайызга чукулу катышканы белгилүү болду.

Премьер-министр Санчес парламент быйылкы жылдын бюджети боюнча мунаса таба албай койгондон кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG