Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону болду


Үзүр Жусупбеков жана Жахонгир Турдиев Азия чемпионатынын финалдык беттешинде. 28-апрель, 2019-ж.
Үзүр Жусупбеков жана Жахонгир Турдиев Азия чемпионатынын финалдык беттешинде. 28-апрель, 2019-ж.

Кытайдын Сиань шаарында жыйынтыкталган күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков алтын медаль тагынды. Жусупбеков 28-апрелде грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта күч сынашып, финалда өзбек балбаны Жахонгир Турдиев менен таймашып, аны 3:2 упай эсебинде жеңди. Ал ага чейин казакстандык Алимхан Сыздыковду (6:3), ирандык Махди Аббасты (7:5) утуп, финалга чыккан.

Бул күнү күрөштүн ушул эле түрүнөн 72 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Руслан Царев коло байге алды. Буга чейин Асан Сулайманов (55 кг) менен Мурат Рамонов (130 кг) үчүнчү орун алышкан. Командалык эсепте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы 100 упай топтоп, 8-катарга жайгашты.

Күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты 23-апрелде башталган. Эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргыз балбандарынан Алигаджи Гамидгаджиев күмүш, Ойбек Насыров коло, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды. (TSh)

XS
SM
MD
LG