Мыйзамсыз каражатты адалдоого каршы чара катары 26-апрелден тартып 500 евролук банкнота чыгаруу токтотулду. Бул купюра террорчулукту каржылоодо да көп колдонулары айтылып жүрөт.
Быйыл 27-январдан тартып Европа чөлкөмүндөгү 19 улуттук банктын 17си 500 евролук акчаны басып чыгарбай койгон. Германия менен Австриянын банктары андай акчаны чыгарууну 26-апрелде токтоторун билдиришкен.
Мындан ары Европадагы эң чоң купюра болуп 200 евро эсептелет. Бирок буга чейин чыгарылган 500 евролук акча колдонула берет. Аны Европадагы банктардын баарында ээн-эркин алмаштырса болот.
500 евролук банкнота 2002-жылы жүгүртүүгө чыккан эле.