Бүгүн, 29-апрелде СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракесине арналган XI республикалык театр фестивалы башталат.
Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө «Даркүл Күйүкова жана кыргыз кино искусствосу» аттуу эскерүү кечеси саат 14:00дө башталат. Анда «Өрүкзар мекени» аттуу көркөм тасма көрсөтүлөт.
Атактуу актриса Даркүл Күйүкова бир канча фильмдердеги башкы ролдору менен да көрөрмандардын эсинде калды. Ал Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасындагы Оңолкандын, Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» спектаклиндеги Толгонайдын ролун аткарган. (TSh)