Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:15

Уран казууга каршы петицияга 29298 киши кол койду


Уран казууга каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы эркин журналист Алена Хоменко баштаган уран казууга каршы онлайн-петицияга 29298 киши кол койду.

«Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол топтоо 22-апрелде башталган. Алена Хоменко петицияга 35 миң кишинин колун топтоону максат кылганын айткан.

Буга чейин жергиликтүү тургундар Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы акцияга чыгышкан. 26-апрелде Бишкекте уран казууга каршы болгондор митингге чыгышкан.

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү уран кени жабыла турганын жарыялаган. «Бирок уран казуу иши жашыруун жүргөн» деп күмөн санаган айрым коомчулук өкүлдөрү өкмөттүн бул убадасына ишенбей келет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG