Орусия Казакстан менен Кыргызстанга келүүчү санкциялардын тизмесине кирген украиналык товарларды чектөөсүз өткөрөт. Учурда мыйзамга тиешелүү толуктоолор даярдалып жатканын орус президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басарына таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Мындай аракеттер кыргыз жана казак тараптын өтүнүчүнүн негизинде жасалып жатканы да айтылат.
Борбор Азиянын эки мамлекетине Украинадан негизинен азык-түлүк өндүрүмү импорттолот.
Москванын Украина боюнча санкциялык тизмеси жалпысынан 567 адамга жана 75 фирмага жетти. Документ орус өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган.
Украина өз кезегинде орусиялык 800 жаранды жана 300 компанияны «кара тизмеге» киргизген. (KR)