Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Балыкчыда уран кенин иштетүүгө каршы тынч митинг өтүүдө


Уран кенин иштетүүгө каршы чыккан Балыкчы шаарынын тургундары.
Уран кенин иштетүүгө каршы чыккан Балыкчы шаарынын тургундары.

Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынчтык митинги өтүп жатат. Митингге болжолдуу 200дөй киши чогулду. Митингди Балыкчы шаарынын жергиликтүү активисттери уюштурган.

29-апрелге пландалып жаткан Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө Балыкчы шаардык соту тыюу салынып, болгону тынч митингге уруксат берилген. Бирок катышуучулар түшкү саат 12ден кийин жөө жүрүшкө чыгарын айтышууда. Алардын бири, Балыкчы шаарынын тургуну, активист Марат Акатов мындай деди:

- Он киши болсок да жолдун чети менен эч кимге жолтоо болбой, эч кимдин жолун тоспой жөө жүрүшкө чыгалы дегенбиз. Жөө жүрүшкө 12ден кийин чыгабыз деп турабыз. Уран кени - ажыдаар, алаамат. Кыргыз элине жакшылык алып келбейт.

Митинг Балыкчы мэриясынын имаратынын алдында таңкы саат 10дон 12ге чейин өтөрү белгиленген.

Буга чейин 26-апрелде Бишкекте уран казууга каршы болгондор митингге чыгышкан. (AsM)

XS
SM
MD
LG