Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Бишкек соту ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталгандарды камакта калтырды


Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жеңишбек Назаров, Темирлан Биримкулов жана Ольга Лаврова.
Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жеңишбек Назаров, Темирлан Биримкулов жана Ольга Лаврова.

Бишкек шаардык соту Бишкектеги ЖЭБди (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча коррупция үчүн айыпталуучуларды камакта калтырууну чечти.

Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары сотко арыз менен кайрылып, алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Адвокаттар эми Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.

Учурда УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер олтурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. (KR)

XS
SM
MD
LG