Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Ооганстанда «Лоя жырганын» курултайы башталды


Ооганстандагы курултай. Архивдик сүрөт.
Ооганстандагы курултай. Архивдик сүрөт.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 29-апрелде «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү улуттук курултайды ачты.

Төрт күнгө созулган курултай уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирет. Быйылкы жыйынга 3200дөн ашуун киши катышууда. Анда талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрү талкууланмакчы.

Гани курултайдын катышуучуларын «тынчтыктын элчилери»​ деп атап, аларды сүйлөшүүлөргө мунаса табууга салым кошууга чакырды.

Талибдер өкмөттү «​батыштын тактекеси»​ деген негизде алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып келет. Бийлик менен сүйлөшүү жүргүзгөнгө чейин Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгарууну талап кылып жатышат.

Курултайдын алдында АКШнын Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад талибдерди тынчтык тууралуу макулдашууга келүүгө үндөдү.

Халилзад Ооганстанда 17 жылга созулган согушту токтотуу максатында «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен буга чейин бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

XS
SM
MD
LG