Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:34

Орусия Кыргызстанга жөнөтүлө турган акчанын көлөмүн чектейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия бир катар өлкөлөргө которулуп жаткан акчанын көлөмүнө чектөө киргизет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык чектөө кирген өлкөлөрдүн арасында Вьетнам, Кытай, Кыргызстан жана Казакстан да бар. 16-апрелден тартып акча которуу системалары аркылуу Казакстанга Орусиядан айына 150 миң рублдан ашык каражат жөнөтүү мүмкүн болбой калса, Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга кирген чектөө 100 миң рублду түзөт.

Орусиянын Улуттук банкы мындай чечимди көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети менен түшүндүрүп, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөштүн ыкмасы катары сыпаттайт.

2018-жылы Орусиядан Өзбекстанга которулган каражаттын көлөмү 14 млрд. долларды түзгөн. Ушул эле жылы Кыргызстанга Орусиядан 1,3 млрд. доллар, Кытайга 675 млн. доллар, Казакстанга 392 млн. доллар жана Вьетнамга 175 млн. доллар которулган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG