Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Шри-Ланкада аялдардын бетти жапкан кийимине тыюу салынды


Шри-Ланкадагы мусулман аялдар. Июль, 2016-жыл. Архивдик сүрөт.
Шри-Ланкадагы мусулман аялдар. Июль, 2016-жыл. Архивдик сүрөт.

Шри-Ланканын бийлиги кеминде 250 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн адам жарадар болгон теракттардан кийин аялдарга көчөлөрдө бетти жапкан кийим кийип жүрүүгө тыюу салды.

Президент Майтрипала Сирисенанын катчылыгы билдиргендей, мындай эреже 29-апрелде киргизилген. Ага ылайык, бетти жапкан бардык кийимдерге тыюу салынат. Президенттин жарлыгында мусулман аялдары кийген никаб жана паранжа деп айтылган эмес, бирок бул чара ислам дининдеги кийимдерге багытталган сыяктуу кабыл алынууда. Мындан тышкары өлкөнүн өкмөт башчысы Юстиция министрлигине паранжага тыюу салуу тууралуу токтом даярдоону тапшырганы кабарланды.

«Human Rights Watch» укук коргоо уюму Шри-Ланканын бул чечимин айыптап, эми ислам шартына ылайык жүзүн жаап жүргөн аялдар үйдөн чыкпай калышы мүмкүн экенин билдирди.

22 миллион калкы бар Шри-Ланканын 10 пайызга жакынын мусулмандар түзөт. Бирок аялдар арасында никаб же паранжа кийгендер аз.

Шри-Ланкада 21-апрелде чиркөөлөр менен мейманканаларга коюлган чабуулдан кийин ондогон шектүү кармалды. Бийлик терактка катышы бар жоочулардын көбү эркиндикте жүргөнүн билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG