Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:16

Трамп менен Эрдоган С-400 ракеталарын Түркияга жеткирүү маселесин талкуулашты


Трамп менен Эрдогандын жолугушуусу. 2018-жылдын июль айы.
Трамп менен Эрдогандын жолугушуусу. 2018-жылдын июль айы.

АКШнын жана Түркиянын президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнкү телефон аркылуу сүйлөшүүдө орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин Түркияга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бул маалыматты Анкара жана Вашингтон расмий кабарларда ырасташты. Түрк тараптын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган Трампка бул теманы талдай турган биргелешкен жумуш тобун түзүүнү сунуш кылганы кабарланат. Вашингтон муну белгилеген эмес.

Айдын башында Вашингтон менен Анкаранын ортосунда Түркиянын Орусиядан С-400 ракета системасын сатып алышына байланыштуу чыңалуу күчөп кеткен.

Вашингтон Орусия менен келишимди жокко чыгарууну талап кылып, F-35 согуш учактарынын жабдуулары менен Түркияны камсыздоону убактылуу токтоткон.

АКШнын расмий өкүлдөрү бул кадам НАТОнун стандарттарына туура келбей турганын билдирсе, Эрдоган Москвада президент Владимир Путин менен жолугушууда бул оюнан кайтпай турганын ырастаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG