Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Адистер диний билим берүүнү жөнгө салган жобонун долбоорун жактырышты


Бишкектеги жыйын.
Бишкектеги жыйын.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстандагы диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндө жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

30-апрелде «Damas» отелинде уюштурулган иш-чарага мамлекеттик мекемелерден, диний жана коомдук уюмдардан, окуу жайларынан өкүлдөр жана эксперттер катышып, кошумчаларды киргизүү тууралуу сунуш менен документти жактырышты.

Дин комиссиясы кабарлагандай, долбоордун максаты - ар бир жарандын өз тандоосу боюнча, жекече же башкалар менен кошо диний билим алуу укугун камсыз кылуу. Ошондой эле диний окуу жайларынын билим берүү жараяны боюнча мамлекеттик саясаттын принциптерин белгилеп, укуктук ченемдер белгиленет.

Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы Кыргызстандагы мектептерде «Дин маданиятынын тарыхы» сабак пилоттук негизде он мектепте окутула баштаган.

Китеп оңдоп-түзөөлөр менен кайрадан басылып чыгып, 2018-жылы элүүдөн ашуун мектепте пилоттук окутуу киргизилген.

Бул сабакты мектептеги тарыхчы мугалимдер өтүшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG