Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

Мамкаттоонун төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев үй камагына чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-апрелде эки ай тергөө абагына камалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов кабарлады: 

- 2019-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаардык соту Сарыбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Буга чейин Руслан Сарыбаевдин апасы 27-апрелде каза болгону маалым болгон. Сарыбаевдин өзү да кант диабети менен ооруп жүргөнү айтылып келет.

Тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев менен бирге статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалган. Бакчиев менен Абдуллаев учурда УКМКнын тергөө абагында олтурат. (KR)

 

XS
SM
MD
LG