ВИЧ илдетин жыныстык жол менен жуктурган учурлар 2018-жылы 62% түздү. Бул тууралуу «Азаттыкка» СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморова кабарлады.
Кыргызстанда 2016-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, эркек менен жыныстык катнашка барган эркектердин саны 16900 түзсө, баңгилер 25 миңди, ал эми сойкулар 7100 түзөт.
- Мурда ВИЧке чалдыккандар эркектердин арасында азыраак, аялдар көбүрөөк болчу, - деди Үмүт Чокморова. - Он жыл мурда аялдар 11-12% эле түзчү. Азыр аялдар 35% көбөйдү, ал эми эркектер 65 пайызды түзөт. Эркектер аялдарга жугузуп жатат десек болот. Эң коркунучтуусу - жыныстык жол менен жуккан учурлар көбөйүп жатканы. 2008-жылы мындай жол менен ВИЧ жуккан учурлар 28% түзсө, бүгүнкү күндө 61-62% болуп калды. Бул жаштар арасында, 20 жаштан 39 жашка чейинки курактар арасында көп катталып жатат. Маалыматтар жетиштүү эле берилип жатат. Бирок жаштар өзүнүн ден соолугуна кайдыгер карап, туш келди жыныстык катнашка барып, ичкилик ичип же баңгизат сайынып алып ким менен жатканын да билбей калган учурлар көп болууда.
2018-жылдын соңуна карата Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашкан, анын көбү эркектер. Анын ичинде 645 бала бар, теңинен көбү илдетти 2007-2008-жылдары ооруканадан жуктуруп алган. Дарыгерлердин шалаакылыгы менен дартка чалдыккан балдардын алды 18ге чыгып калды. (KR)