Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Тажикстанда Чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев камакка алынганын анын жакындары «Азаттыктын» тажик кызматына билдиришти. Энеси Зебо Улугхожаева уулун акыркы жолу эки жума мурда көргөнүн, 16-апрелде укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн айтты. Ата-энеси, туугандары адвокат жалдашкан. Алар анын эмне үчүн камакка алынганын биле элек.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары подполковник Улугхожаев «мамлекеттик сырды жайылткан» деп айыпталып жатканын, эки жума мурда камалганын жазып чыгышкан. Ал электрондук почта жана мессенжер аркылуу «жашыруун» деген гриф коюлган кабарды эл аралык уюмдарга жибергени маалымдалган.

Бул тууралуу жазган «Азия Плюс» агенттиги менен «Ахбор» сайты маалыматты өз булактарына таянып жарыялагандыктан, аны тактоого мүмкүнчүлүк боло элек. «Азия-Плюс» агенттиги Улугхожаев камакка алынгандан кийин УККнын башчысы Саймумин Ятимов бардык мамлекеттик мекемелерге, министрликтерге «мындан ары жетекчиликтин уруксатысыз маалымат таратууга басма сөз катчылардын укугу жок» экенин эскерткен кат жиберди.

36 жаштагы Мухаммад Улугхожаев Тажикстандын Технологиялык университетин бүтүргөн. Мурда «Азия Плюс» агенттигинде, Коргоо министрлигинде иштеген. Чек ара башкармалыгынын маалымат кызматына 2009-жылы техникалык кызматкер болуп кирип, 2014-жылдан тартып аны жетектей баштаган. Тажикстандык журналисттер аны менен иштешүү жеңил болгонун айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG