Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:02

Бөлөкбаев Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди


«Жашылдар» партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев.
«Жашылдар» партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев.

Уран кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясына чыккан «Жашылдар» партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Улан Жумаков кабарлады:

- Мурда Биринчи май райондук соту митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгон, кийин шаардык сот ал чечимди күчүндө калтырган. Бирок ага карабастан митингге чыкты. Милиция кызматкерлеринин митингди токтотуу тууралуу өтүнүчүнө баш ийбей койду. Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 82-беренесине ылайык ал Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.

Эркин Бөлөкбаев милиция кызматкеринин өтүнүчүнө баш ийбей койгону үчүн мыйзамга ылайык үч миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылат.

Бүгүн Бишкектин Ала-Тоо аянтына «Жашылдар» партиясынын 20 чакты тарапташы уран кенин иштетүүгө нааразы болуп, митингге чыккан. (KR)

XS
SM
MD
LG