Кыргызстанда уран казууга мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорунда андай иштерге салынчу тыюунун мөөнөтү түбөлүк деп өзгөртүлдү. «Бир Бол» жана «Ата Мекен» фракцияларынын катчылыктары ушундай билдирүү таратышты.
«Коомчулуктун пикирин эске алуу менен мыйзам долбоорунун демилгечилери Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канат Керезбеков мурда сунуш кылынган 50 жылдык мөөнөттү алып салып, Кыргызстандын баардык аймактарында уран кендерин издөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий киргизүү тууралуу чечим кабыл алышты» деп жазылат билдирүүдө.
Аталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу ушул жылдын 7-майына белгиленген.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан. 22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. (KR)