Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Жогорку сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартты (видео)


Саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум. 30-апрель 2019-жыл.
Саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум. 30-апрель 2019-жыл.

Жогорку сот саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, аны 10 жылга кести.

Жогорку соттун соттук коллегиясы Жапаровдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын карап, анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, аны 10 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул чечим эң жогорку инстанцияга таандык болгондуктан ал даттанууга жатпайт.

Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Соттун чечими катышуучуларды нааразы кылды. Чогулгандар өкүм чыккан соң «Кыргызстанда акыйкат жок», «Сотторго наалат» деп кыйкырып чыгышты.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. (BTo/KR)

XS
SM
MD
LG