Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:38

Түркмөнстанда жүргүнчүлөр аэропорттон өткөрүлбөй кармалууда


Түркмөнстан. Аэропорт. 2014-жыл. Архивдик сүрөт.
Түркмөнстан. Аэропорт. 2014-жыл. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда ишемби-жекшембиде жана дүйшөмбүдө ондогон жаран Түркияга кете албай отурду. «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазып чыккандай, 30-апрелге караган түнү Миграция кызматы кеминде 50 кишини Ашхабад-Стамбул каттамына өткөрбөй койду. 27-28-апрелде да 80дей адам аэропорттон учуп кете алган эмес. Анын алдында 150дөй жүргүнчү каттамдан алынган.

Мунун себебин сураган айрым жүргүнчүлөрдү аэропорттун кызматкерлери күч колдонуу менен алып кеткени айтылды.

«Азаттыктын» түркмөн кызматына жүргүнчүлөрдүн кармалышынын себептерин Миграция кызматы менен аэропорт жетекчилигинен тактоого мүмкүн боло элек.

Түркмөнстанда жарандар өлкө сыртына чыкканда мындай көрүнүшкө байма-бай кабылып келишет. Бирок Түркия сыяктуу өлкөлөргө барып иштөөнү каалаган мигранттар көп. Эркин маалымат каражаттары чет мамлекеттерге барып келгендер суракка алынарын да жазып жүрүшөт.

Быйылкы чектөөлөр ахалтекин жылкы тукумуна арналган улуттук майрамга туш келди.

Ошол эле кезде өлкөнүн мыйзамы жарандардын Түркмөнстанга ээн-эркин кирип-чыгышына кепилдик берет. Түркмөнстан 1997-жылы бул багыттагы эл аралык конвенцияга да кол койгон.

XS
SM
MD
LG