Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Чеченстанда журналист Жалауди Гериев түрмөдөн чыкты


Жалауди Гериев.
Жалауди Гериев.

Чеченстандагы Чернокозово айылындагы түрмөдө отурган «Кавказ түйүнү» сайтынын журналисти Жалауди Гериев 30-апрелде эркиндикке чыкты. Үч жылдык жаза мөөнөтүн толук өтөп чыккан журналистти жакындары жана достору тосуп алышты.

Жалауди Гериев 2016-жылдын апрелинде «баңгизат сактаган» деген айып менен кармалып, ошол жылдын сентябрында үч жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө коюлган айыптарды моюнга алган эмес. Камакка алынардын алдында куралдуу үч киши аны токойго алып барып, уруп-сабап, баштыгын алып коюшканын, кийинчерээк андан баңгизат чыкканын билдирген.

Тергөө Гериевдин баштыгынан марихуана табылганын жана ал баңгизат сактаганын дароо моюнга алганын маалымдаган. Журналист баштапкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, укук коргоо органдары кысым менен өзүн суракка алганын айткан.

Укук коргоочулар Гериев кесиптик ишмердүүлүгү үчүн камалган деп эсептешет. Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюму аны «саясий туткун» деп тааныган.

XS
SM
MD
LG