Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Картөшкөнү поезд менен экспорттогондорго берилген жеңилдик мөөнөтү аяктады


Капталган картөшкө. Иллюстрациялык сүрөт.
Капталган картөшкө. Иллюстрациялык сүрөт.

Азыктын бул түрүн темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдикти жана кошумча кызмат көрсөтүүгө 50 пайыздык жеңилдикти камсыз кылган мөөнөт аяктады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 28-февралдагы чечимине ылайык аталган жеңилдиктин мөөнөтү 1-майга чейин деп белгиленген. Чечимди мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» компаниясы аткармак.

Бул аралыкта поезд аркылуу сыртка канча картөшкө ташылганы жана бул жеңилдик узартылаар-узартылбасы кабарланган жок.

19-февралда Казакстан Кыргызстандан картөшкө сатып алууга убактылуу тыюу салып, сүйлөшүүлөрдөн кийин мартта кайра алган. Былтыр Өзбекстан да чектөө киргизип, эки-үч айдан кийин кайра уруксат берген эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG