Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Жапаровдун адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча сотко кайрылууга камынууда


Камактагы саясатчы Садыр Жапаров жана Шарабидин Токтосунов. Буга чейинки соттук отурумдарда тартылган сүрөт.
Камактагы саясатчы Садыр Жапаров жана Шарабидин Токтосунов. Буга чейинки соттук отурумдарда тартылган сүрөт.

Камактагы саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаттары жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко кайрылууга даярдык иштерин башташты. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Шарабидин Токтосунов билдирди.

Ал жаңы кодекстерге карата ишти кайра караган сот саясатчыны бошотот деп үмүттөнүшкөнүн, сот мөөнөттү кыскартпаганы үчүн эми жаңы жагдайлар боюнча арыз беришерин кошумчалады:

- Биз жаңы жагдайлардын тизмесин түзүп, материалдарды чогултуп жатабыз. Анын ичинде экинчи инстанцияда отурумга төрайымдык кылган соттун жазага тартылганы жана күбөлөр чакырылмак болуп, бирок алар камакта болгондуктан алынып келбей калганы бар. Кийин башка төрт күбө видеокайрылуу таратып, «Садыр Жапаровдун кылмышка тиешеси жок, бизди кыйноого алып, аны айыптуу деп айтасыңар» деген көрсөтмөлөрү бар. Мындан башка да жаңы жагдайлар көп. Жаңы кодекстер боюнча ишке үмүт кылдык эле, эми үмүт ушул жаңы жагдайларда калды.

Токтосунов мыйзамга ылайык, Жапаров боюнча баштапкы өкүм чыгарган Биринчи май райондук сотуна арыз беришерин белгиледи.

30-апрелде Жогорку соттун соттук коллегиясы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, аны 10 жылга кести. Адвокаттар мөөнөт кеминде жети жылга чейин кыскарат деп күтүп жаткан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG