Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Рыскелди Момбеков президенттин убадасын эске салды (видео)


Депутат Рыскелди Момбеков Чоң-Алай районунун тургундары менен жолукту.
Депутат Рыскелди Момбеков Чоң-Алай районунун тургундары менен жолукту.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугуп жатып, президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтү аяктаганча ар бир айылга суу чыгарып берүү жөнүндө убадасын эске салды:

- Ачык-Суу деген айылда таза суу жок деген кеп башка кылымда болсо бир жөн эле. Президент Сооронбай Шарипович президенттик шайлоого барганда «менин мөөнөтүмдө бир да айыл таза суусуз калбайт, бул долбоор менин эң негизги долбоорум» деген убада берген. Мен муну улам-улам кайталап айтам.

Өлкөдө жалпы 1819 айыл бар болсо, анын 262синде 1950-1960-жылдары курулган суу түтүктөрү колдонулат. Ал эми 360 айылда таза суу маселеси толук чечилген эмес. Жыйынтыгында 622 айылда таза суу маселеси бар. Бул айылдарда баш-аягы 1 миллиондон ашык адам жашайт.

Облустарга бөлүп караганда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абал начар. Ошто 485 айылдын 187синде, Жалал-Абадда 408 айылдын 172синде, Баткенде 191 айылдын 85инде таза суу жагынан кыйынчылык бар.

Январь айында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы бюджеттен калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга 350 млн. сом каралганын жана 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы таза ичүүчү суу менен толук камсыз болорун убада кылган. (KR)

XS
SM
MD
LG