«Элит Хаус» («Elite House») курулуш компаниясынын тогуз кабаттуу турак үйү тиешелүү документтери толук бүтө электе курулуш иштерин баштаганы үчүн түрттүрүлүшү мүмкүн.
Компанияны Мамлекеттик экотехинспекция сотко берип, биринчи инстанциядан утуп алган. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеменин Архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Жоодар Атакеев кабарлады:
- Алар азыр долбоорду мамлекеттик экспертизага берип коюшуптур. Экспертизадан чыга элек. Чыккандан кийин гана курууга уруксат алышы керек болчу. Алар ала электе эле баштап коюшкан. «Документтерибиз бар» деп жатышат. Бирок курууга уруксат ала элек, ошондуктан алардын иши мыйзамсыз болуп жатат.
Учурда бул тууралуу курулуш компаниясы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (KR)