Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

АКШ: университетке кол салуудан эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Шарлотт университетинде 30-апрелдеги кол салуу эки кишинин өмүрүн алды. Төрт киши жарадар болду.

Түндүк Каролина штатынын полициясы маалымдагандай, шейшембинин кечинде тапанча көтөргөн адам бир нече студентти атып салган.

Кол салууга шектүү кармалды. Ал ушул эле университеттин студенти, 22 жаштагы Тристан Террелл экени айтылууда.

Кылмышка эмне түрткү болгону азырынча кабарлана элек. Окуя болгон жерге дароо жетип барган полиция шектүүнүн куралын тартып алып, өзүн колго түшүргөн.

XS
SM
MD
LG