Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Катарда Ооганстандагы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр болот


АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад.
АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад.

Катардын борбору Доха шаарында Ооганстанда тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы бүгүн, 1-майда башталат.

Анда АКШнын өкүлдөрү менен «Талибан» кыймылынын жетекчилери Ооганстанда 17 жылга созулган согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Бул туурасында «Талибан» кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид билдирди. Тараптар 2018-жылдын октябрынан бери жолугушуп келатат.

Вашингтон буга чейин АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жетишүү максатында ушул айда Катарга бара турганын кабарлаган.

Талибдер сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтү катышпасын деген талап коюп келатышат. Алар буга «өкмөт - Батыштын тактекеси» деген жүйө келтиришкен. Ошол эле кезде алар бийлик менен сүйлөшүүлөргө чейин Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгарууну талап кылышкан.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын 19-апрелде Дохада белгиленген тынчтык сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы болбой калган. Буга катышуучулардын саны боюнча тараптардын тил табыша албаганы себеп болгон.

Залмай Халилзад 28-апрелде Ооганстанга барган учурда талибдерди өз жолун өзгөртүүгө, тынчтыкка келүүгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG